2026-жылдын 18–22-май күндөрү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) өкүлдөрү Германиядагы Гамбург колдонмо илимдер университетинде өтүп жаткан D-TIDE-KG — «Кыргызстандагы инклюзивдүү докторлук билим берүүнүн санариптик трансформациясы» аттуу эл аралык долбоордун алкагындагы окутуу семинарларына катышууда.
Долбоор Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылууда. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби D-TIDE-KG консорциумунун грантхолдеру жана координациялоочу жогорку окуу жайы болуп саналат.
Долбоордун негизги максаты — докторлук билим берүүдө санариптик ыкмаларды өнүктүрүү, жогорку билим берүү системасын модернизациялоо жана Кыргыз Республикасында инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар өнөктөш университеттер арасындагы жүргүзүлгөн муктаждыктарына анализ жүргүзүүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле учурдагы жана жаңы PhD программаларын санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
D-TIDE консорциумуна Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргызстандын сегиз жогорку окуу жайы, ошондой эле европалык өнөктөштөр — Гамбург колдонмо илимдер университети, Вильнюс университети жана Европа документация борбору кирет.
Долбоорго катышуу ЭАЖММдин эл аралык академиялык кызматташтыкты, инновацияларды жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын туруктуу трансформациялоону өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун баса белгилейт.