Жаңылыктар

Кыргыз тили күнүнө арналган маданий иш-чара

26-сентябрда Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ) Негизги сабактар кафедрасы Кыргыз тили күнүнө арналган маданий-агартуу иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чаранын максаты студенттердин кыргыз тилине, улуттук маданиятка, каада-салттарга жана үрп-адаттарга болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Программанын алкагында студенттер «Макал-лакап айтышууга» катышып, кыргыз макал-лакаптарын билүү деңгээлин, тапкычтыгын жана тилдик жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Кафедранын окутуучулары тарабынан боорсок жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлүп, студенттер улуттук тамакты даярдоонун салттуу ыкмалары менен таанышып, процесске активдүү катышышты.

Программада ошондой эле «Алтын шакек» улуттук оюну, комуз жана ооз комузда музыкалык чыгармалар, ошондой эле кыргыздын улуттук тамак-аштары көрсөтүлдү.

Иш-чара кыргыз тилин, музыканы, улуттук оюндарды, каада-салттарды жана улуттук ашкананы бириктирип, студенттерге Кыргызстандын маданий мурасы жана улуттук баалуулуктары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.
Жаңылыктар Негизги сабактар кафедрасы