Курстар

Акушеридик жана гинекологиялык бейтаптарды кароонун көндүмдөрү (электтивдик курс)

Акушердик жана гинекологиялык бейтаптарды стационардык шарттарда кароо курсу студенттерге ар кандай бейтаптардын абалын аныктоо жана баалоо жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган. Курс репродуктивдик курактагы аялдарды, ошондой эле кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдерде аялдарды кароо ыкмаларын кененирээк үйрөнүүнү камтыйт.

  • Дисциплинаны окуу учурунда алынган билимдер студенттерге төмөнкү практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет:
  • Акушердик-гинекологиялык бейтаптардын оору баяндамасын толук чогултуу.
  • бейтаптардын клиникалык абалын баалоо жана оорулардын ооруунун баштапкы баскычында аныктоо.
  • Ультрасонография, кольпоскопия, гормоналдык жана микробиологиялык анализдер сыяктуу лабораториялык жана аспаптык изилдөөлөрдүн ар кандай ыкмаларын колдонуу.
  • Жатындагы баланын абалын баалоо үчүн КТГ жана УЗИ сыяктуу мониторинг ыкмаларын колдонуу.

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (76 саат)
Аудитордук сааттар: 36 саат
Студенттердин өз алдынча иши: 36 саат
Семестр: 5
Жыйынтыктык кѳзѳмѳл: зачет
Акушердик жана гинекология кафедрасы