Курстар

Кургак учуктун рентгендик жана дифференциалдык диагностикасы

Кургак учуктун рентгендик жана дифференциалдык диагностикасы сабагынын максаты : студенттердин БДССУнун сунуштарына жана далилдерине негизделген фтизиопульмонология, рентген диагностикасы жана кургак учуктун дифференциалдык диагностикасы жаатындагы фундаменталдык базалык билимдерди, көндүмдөрдү өздөштүрүүсү, ошондой эле кесиптик иш чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн алган билимдерин, көндүмдөрүн колдоно билүүсү.

Бул дисциплинаны изилдөө пульмонология, фтизиатрия, көкүрөк хирургиясы боюнча келечектеги адистерге жана жалпы практикалык дарыгерлерге патологиялардын (мисалы, шишик, киста, ыйлаакча ж.б.) себептерин аныктоодо, радиологиялык, микробиологиялык жана иммунологиялык изилдөөлөрдө өпкөнүн кургак учугун башка өпкө ооруларынан айырмалоодо, ошондой эле өпкө кургак учугуна шектелген чоңдор жана балдар үчүн далилдүү диагностикалык алгоритмдерге ылайык радиологиялык, микробиологиялык жана иммунологиялык изилдөөлөрдүн оптималдуу ыкмаларын тандоо боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Жалпы эмгек сыйымдуулугу:
  • 2 кредит (72 саат)
  • Аудитордук сааттар:
  • 36 саат (дарс 12 саат +практикалык сабак 24с)
  • Студенттин өз алдынча иши: 36 саат
  • Семестр: 9
  • Жыйынтык контроль: Зачет
Атайын клиникалык сабактар кафедрасы