Улуттук тарых музейинде 24-мартта Бишкек шаарында 2005-жылдагы Март революциясынын 20 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына арналган «Элдик революциялардын максаттары жана сабактары» деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин атынан МТжТС бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова жана ГС кафедрасынын улук окутуучусу Д.К. Джаманкулов катышышты.
Катышуучуларга «Эл бийлиги – эгемендик жолунда» аттуу көргөзмө тартууланды. Конференциянын жүрүшүндө баяндамалар окулуп, анда окуялар жана революциялар, алардын коомдук прогресске тийгизген таасири, бул окуялардын себептери, жүрүшү, кесепеттери жана тарыхый натыйжалары боюнча изилдөөлөрдүн натыйжалары ортого салынды. Элдик ыңкылаптар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу процессин улантууда чечүүчү роль ойноп, улуттун жетилишинин жана нукура демократиянын орношунун тарыхый этаптары болду.