Жаңылыктар
2025-11-22 12:10

ЭАЖММ “Healthcare Management” жайкы мектебине катышууга чакыруу! (Германия, июнь 2026)

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) студенттерди Westsächsische Hochschule Zwickau (WHZ) тарабынан уюштурулган “Healthcare Management” жайкы мектебине чакырат. Иш-чара 2026-жылдын 6–13-июнунда Германиянын Цвиккау (Zwickau) шаарында өтөт.

Программанын негизги өзгөчөлүктөрү:
  • Ден соолук системалары, оорукананын каржылоосу жана бюджети, сапат жана бейтап коопсуздугу, санариптик саламаттык жана лидерлик боюнча интенсивдүү модулдар
  • Маданий программа жана Дрезден шаарына саякат
  • WHZ тарабынан берилген аяктоо тастыктамасы

Катышуу акысы: €1750 (баага учак билети, жатакана, виза, камсыздандыруу, жергиликтүү транспорт, эртең мененки тамак жана окутуу кирет).

Кимдер катыша алат: ЭАЖММ бакалавр жана магистр студенттери (англис тилинин деңгээли B2 жана андан жогору, мотивациясы күчтүү студенттер).

Кошумча маалымат үчүн: ЭАЖММ Эл аралык байланыштар бөлүмү — hismuik@gmail.com
Координатор: Мырзайым Кулова

Катталуу:
Каттоо формасы бул шилтемеде жеткиликтүү:
https://forms.gle/98kw5m2yh9MXS6NdA
Жаңылыктар