2025-жылдын 1–7-июнунда Индия Республикасынын Тышкы иштер, айлана-чөйрө маселеси, токой чарба жана климаттын өзгөрүшү боюнча мамлекеттик министри Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип, иш сапардын алкагында индиялык диаспоранын өкүлдөрү жана негизги өнөктөштөр менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул иш-чарага Эл аралык Жогорку Медициналык Мектепти (ЭАЖММ) ректору Сталбек Медерович Акүнбаев, ЭАЖММдин бүтүрүүчүсү, Med Edu Care Marketing компаниясынын өкүлү доктор Сунил Ядав, ЭАЖММдин Ысык-Көл кампусунун координатору Сандья Еллампалли жана университеттин “Веданта” клиникасынын өкүлү доктор Пилла Амит Викрам тааныштырышты.
Жолугушууда ЭАЖММдин индиялык бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери сунушталып, алардын көпчүлүгү эл аралык лицензиялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда иштеп жатканы баса белгиленди. Бул иш-чара ЭАЖММдин дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку квалификациялуу медициналык адистерди даярдоодогу ордун чагылдырган маанилүү аянтча болуп, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана маданий кызматташтыктын мындан аркы келечеги талкууланды.