Жаңылыктар

Магистратурага кабыл алуу жарыялыгы

2025-06-18 08:48 Жаңылыктар
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү

Магистратурага документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 20-июнунан 2025-жылдын 10-октябрына чейин жүргүзүлөт. Бардык талапкерлерге керектүү документтерди мүмкүн болушунча тезирээк тапшыруу сунушталат, бул документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алуу жөнүндө чечимди өз убагында жарыялоого мүмкүндүк берет.
Кабыл алуу тартиби

  1. Магистр багыты боюнча окуу программасына мамлекеттик үлгүдѳгү негизги жогорку билим жөнүндөгү диплому бар (бакалавр) же толук жогорку кесиптик билим жѳнүндѳгү диплому (адис) бар талапкерлер кабыл алынат;
  2. Башка мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окутуу белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлѳт. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде окутулат;
  3. ЭАЖММ магистратурасына талапкерлерди кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт;
  4. Кирүү сынагы «Коомдук саламаттыкты сактоо» сабагы боюнча билет системасынын негизинде маектешүү түрүндө өткөрүлөт;
  5. Окууга кабыл алуу ЭАЖММ ректорунун буйругу менен киргизилет;
  6. Окуу мѳѳнѳтү: 2 жыл;
  7. Окуу формасы: күндүзгү;
  8. Окуу төлөмү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

Кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
Магистратурага арыз берген талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
1.ЭАЖММ ректорунун атына арыз;
2.Жогорку билим жөнүндө дипломдун түп нускасы жана (же эквиваленттин) көчүрмөсү, ошондой эле дипломдун кошумча (транскрипт) көчүрмөсү;
3.Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринен берилген билим берүү документинин деңгээли жана мазмуну боюнча маалымдамасы;
4.Паспорттун, аскердик билеттин көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
5.Паспорт, аскердик билет жеке көрсөтүлүп, текшерилип кийин кайтарылып берилет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
6.Чет өлкө жарандарынан: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмөлөрү);
7.У-086 формасындагы медициналык маалымкат (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
8.3.5х4.5см ѳлчѳмүндѳгү 3 сүрѳт;
9.Илимий жана илимий-методикалык эмгектердин тизмеси, автордук күбөлүктөрдүн, сыйлыктардын, дипломдордун жана башка (бар болсо);
10.Талапкерди магистрдик программага кирүүгө түрткү берген себептер, талапкердин узак мөөнөттүү карьералык максаттары жана ушулпрограмма максаттарына жетүү үчүн кандайча жардам бере алары жөнүндө эссе.; көлөмү 500-800 сөз (2-3 бет).

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биз менен байланышыныз:

Тел: +996703609899

E-mail: postgraduate_office@ism.edu.kg / gulbakhira938@gmail.com