2025-жылдын 30-майында дарыгерлерди, интерндерди жана ординаторлорду даярдоо багытындагы билим берүү мекемелери менен аймактык клиникалык базалардын өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүнүн алкагында, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында «Дипломдон кийинки клиникалык билим берүү» темасында окутуучу семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин окутуучулук-профессордук курамы жана администрация өкүлдөрү катышты.
Окутуучу семинардын программасына төмөнкү маселелер кирди: 1. Адамдар арасындагы баарлашууга коммуникацияга сереп; 2. Адамдар арасындагы баарлашуу көндүмдөрү; 3. Процедуралык көндүмдөрдү үйрөтүү жана кайтарым байланыш практикасы; 4. Дистанциялык окутуу, устаттар жана үйрөнүүчүлөр үчүн платформалар; 5. Устаттар үчүн платформаны колдонуу боюнча практикалык иш; 6. Клиникалык окутуучуга коюлган талаптар; 7. Үйрөнүүчүлөрдүн билимдерин жана көндүмдөрүн өздөштүрүү деңгээлине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн стандартталган баалоо формаларын колдонуу; 8. «Жалпы практиканын дарыгери» жана «Жалпы профилдеги педиатр» адистиги боюнча интерн-дарыгерлер үчүн окуу программасы; 9. Интерн-дарыгердин күндөлүгү.
Окутуучу семинарга катышкан угуучулар тарабынан жогорку сапатта жана актуалдуу материалдар сунушталгандыгы, ошондой эле тренерлердин жогорку деңгээлдеги профессионалдуулугу жана компетенттүүлүгү белгиленип, оң пикирлер айтылды.
Бул окутуучу семинардын өткөрүлүшү клиникалык дисциплиналар боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатууда маанилүү кадам болду. Айрыкча, стандартталган баалоо формаларын колдонуу, интерн-дарыгердин күндөлүгүн жүргүзүү жана «Жалпы практиканын дарыгери» жана «Жалпы профилдеги педиатр» адистиктери боюнча интерндерди даярдоо боюнча окуу программаларын ишке ашыруу аспектилеринде өзгөчө мааниге ээ болду.
Семинар жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.