Жаңылыктар

Философия (PhD) доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияны алдын ала коргоо жөнүндө жарыя

Жаңылыктар
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Хуссаин Сайед Азфардын «Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын этникалык жана социалдык детерминанттары: коркунуч факторлорун баалоо жана оорулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу» темасындагы философия доктору (PhD) илимдеринин даражасын алуу боюнча алдын ала диссертация коргоо 2025-жылдын 18-ноябрында саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча) өтөт. Жайгашкан жери: Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби, Бишкек шаары, Интергельпо 1ф көчөсү.

Илимий жетекчи: медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы Джусупов Кенешбек Осконбаевич.

Илимий жетекчи (чет өлкөлүк): PhD, Эстония Республикасынын Тарту шаарындагы Тарту университетинин Социалдык изилдөөлөр институтунун Социалдык илимдер факультетине караштуу Туруктуу өнүгүү социологиясы кафедрасынын доценти Кати Орру.

Диссертация Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин сайтында жайгаштырылган:

PhD thesis