Жаңылыктар
2024-12-02 13:49 Жаңылыктар

Кыргызтест

2024-жылдын 23-октябрында «Мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык Мыйзамдын аткарылышы боюнча ЭАЖММдин клиникалык симуляциялык борборунда «Кыргызтесттин» биринчи этабы башталды. "Кыргызтест" директору Топоева-Ставина Батма Болоталиевнанын кириш сөз презентациясы менен башталды. "Кыргызтестти" ЭАЖММ администрациясы жана окутуучу-профессорлор тапшырышты. Жыйынтыгы жарыялангандан кийин тапшырган катышуучулар мамлекеттик тилди билгендигин тастыктаган тастыктамаларына ээ болушат.

«Кыргызтест» - кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоочу улуттук тестирлөө системасы. Ал Кыргызстанда жашаган жана иштеген жарандардын жана чет өлкөлүктөрдүн тил билүүсүн стандартташтырууга жардам берет.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүү боюнча «Кыргызтесттин» артыкчылыктары мамлекеттик органдарга ишке орношуу үчүн маанилүү болгон тилди билүү деңгээлин расмий таанууну камтыйт. Тест тил чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана маданий өзгөчөлүктү бекемдөөгө салым кошот, ошондой эле билим берүү программаларына катышуу үчүн шарт боло алат. Мындан тышкары «Кыргызтест» тилди окутууну эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жардам берип, мамлекеттик тил саясатын колдойт.

«Кыргызтест» тил жөндөмүн баалоочу курал катары гана кызмат кылбастан, өлкөдөгү тилди жана маданиятты өнүктүрүүгө салым кошууда.