2023-жылдын март–июнь айларынын аралыгында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин кызматкерлери Erasmus+ 101082831 - “Building Educational and Research Capacities in Nutrition and Dietetics in Central Asia (BERNICA)” долбоорунун алкагында уюштурулган англис тили боюнча курстарга катышышты.
Бул курстан эл аралык билим берүү жана илимий-изилдөө демилгелерин ишке ашырууга активдүү катышкан ЭАЖММдин 13 кызматкери өттү.
Курс аяктагандан кийин жыйынтыктоочу тест жүргүзүлүп, катышуучулардын англис тилин билүү деңгээли бааланды.
Окууну ийгиликтүү аяктаган кызматкерлер 96 академиялык саат көлөмүндөгү курсту бүтүргөндүгү тууралуу сертификат алышты.
Англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу ЭАЖММдин окутуучуларынын жана кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул Erasmus+ долбоорлорунда активдүү катышууга, эл аралык кызматташууну чыңдоого, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.