2025-жылды жыйынтыктоочу Окумуштуулар кеңеши ЭАЖММдин башкы кампусунда 29-декабрында 13:00дө өттү. 2025-жылы төмөнкү кызматкерлер илимий даражага ээ болушу менен расмий куттуктоо болду.
Уметалиева Динара Юсупжановна, Узакова Аида Орозалиевналар PhD даражасы боюнча илимий иштери нострификациядан өттү
Чынгышпаев Даниял Шамильевич медицина илимдеринин доктору даражасын алуу үчүн жазылган диссертациясы апробациядан өттү.
Бир катар профессор-окутуучулар, администрация өкүлдөрү Россия Фелдерациясынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин “Ардактуу педагог”, Ардак грамотасы” сыйлыктары менен сыйланышты.
Окумуштуулар кеңешинин отурумунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштердин акыркы жыйынтыктары каралды.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча И.Ахунбаев атындагы КММА менен ЭАЖММдин Табыгый илимдер кафедрасы, мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү “Табыгый илимдерге кыргыз тилинде саякат” аттуу долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды жана бул долбоорго автордук укук алынды. Авторлор: ИИМТжТС боюнча проректор, м.и.д., профессор О.Ж. Узаков, Г.И. Жунушалиева, МТжТС бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова, Э.К. Абдрасулова, ТИС кафедрасынын башчысы Ч.С. Исмаилова, декандын орун басары, Ж.К. Мукамбетова, Ч.Б. Айдыралиева, А.М. Байджуранова.
Ошондой эле ЭАЖММдин профессор-окутуучу курамы, жетекчилери “Кыргызтест” ММге кыргыз тили боюнча тест тапшырышып, 60% сертификатка ээ болушту.
Жыйынтыгы боюнча сертификаттарды Ректор, м.и.д., С.М. Ахунбаев расмий тапшырды.
Урматтуу кесиптештер чет элден алган илимий, мамлекеттик сыйлыктар жана КРдин мамлекеттик сыйлыктары, ЭАЖММдин сыйлыктары кут болсун!
Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
- Абаева Тамара Сураналиевна - медицина илимдеринин доктору
- Ахунбаев Стальбек Медерович - медицина илимдеринин доктору
- Джумагулов Эльдар Куванчиевич - педагогика илимдеринин кандидаты
- Алымкулов Арген Тургунович – медицина илимдеринин кандидаты
- Ли Наталья Евгеньевна – PhD даражасы
- Минбаева Асанкариевна - PhD даражасы
- Хуссаин Сайед Азфар - PhD даражасы боюнча жакташты.