Жаңылыктар

Философия (PhD) доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндө жарыя

561000 «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты боюнча «Бишкек шаарынын мектеп жашындагы балдардын тиш кариесинин алдын алууну оптималдаштыруу» темасында «Дентис Три» клиникасынын стоматолог дарыгери, Ли Наталья Евгеньевнанын философия (PhD) доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациясын коргоосу 2025-жылы 26-март саат 14.00 (Бишкек убактысы боюнча) төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби, Бишкек шаары, Интергельпо 1ф көчөсү, 5-кабат, китепкана.

Илимий жетекчиси: медицина илимдеринин доктору, профессор, КРСУнун коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы Касиев Накен Касиевич.

Илимий жетекчиси (чет өлкөлүк): медицина илимдеринин кандидаты, КАК «Астана медициналык университети» терапевттик жана хирургиялык стоматология кафедрасынын доценти Деточкина Виолетта Робертовна.

Диссертация Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин сайтында жайгаштырылган

Диссертациянын текстине шилтеме
Жаңылыктар