Жаңылыктар

Эл аралык мастер-класстар

Жаңылыктар
2025-жылдын 14-ноябрында Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин котормо теориясы жана практикасы кафедрасынын алдындагы А.С. Пушкин атындагы орус тили жана маданияты борборунда жана Чет тилдер кафедрасынын алдындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунда ЭАЖММдин мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова "Манас" жана "Махабхарата" эпосторундагы идеяларды салыштыруу аркылуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрү", Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестин окутуу” деген темаларда мастер-класс өткөрдү. Жолугушууга университеттин жетекчилиги, котормо теориясы жана практикасы жана чет тилдер кафедраларынын профессорлору жана окутуучулары, ошондой эле "Котормо теориясы жана практикасы: орус жана англис тилдери" кафедрасынын студенттери катышты.

Мастер-класстарда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, дүйнөлүк эпосторду салыштырып окутуу, лингвистика жана котормо таануудагы учурдагытенденциялар жана тилди окутуу методологиясынын маселелери кеңири талкууланды. Суроо-жооп сессиясында илимий кызматташтыктын келечеги жана келечектеги биргелешкен изилдөөлөр боюнча пикир алмашуу болду.