Жаңылыктар

GREENKG Erasmus+ долбоорунун алкагында сапатты камсыздоо тренинги ЭАЖММде өттү

2025-жылдын 17-февралинде Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинде (ЭАЖММ) GREENKG Erasmus+ долбоорунун сапаттын камсыздоо максатында, ЭАЖММдин өнөктөш окуу жайларынын өкүлдөрү үчүн маалыматтык тренинг-сессия өткөрүлдү.

Тренингди Махабат Карагулова, ф.и.к., доцент жана ЭАЖММдин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы өткөрдү. Тренинг учурунда катышуучуларга долбоордун мониторинг жана сапаттык баалоо стратегиялары жөнүндө кенен маалымат берилди.

Тренингдин негизги темалары төмөнкүлөрдү камтыды:

• Долбоордун экинчи 6 айлык отчётун (эсеп-кысап) баалоо үчүн документация даярдоо.

• Сапат камсыздоонун эң жакшы тажрыйбалары, туруктуулук жана инновацияларга басым жасоо.

• Долбоордун ийгилигин жана таасирин камсыздоо үчүн мониторинг жана баалоо стратегияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча эксперттик сунуштар.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча катышуучулар өз ишинде натыйжалуулугун арттырууга жана GREENKG долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышына салым кошууга мүмкүн болгон практикалык көндүмдөрдү алышты.
Жаңылыктар