Жаңылыктар

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу Окумуштуулар кеңеши

2025-жылдын 25-сентябрында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган Окумуштуулар кеңешинин салтанаттуу кеңеши болуп өттү. Бардык кызматкерлерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич, Окумуштуулар кеңешинин өкүлдөрү, проректорлор, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, кафедра башчылары жана мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлер катышты.

Иш-чарада Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор
О.Ж. Узаковдун баяндамасында «ЭАЖММдеги мамлекеттик тилдин өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер»; мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы
Р. Ж. Зайыркулованын баяндамасында «ЭАЖММдеги мамлекеттик тилдин өнүгүү жолу: бүгүн жана эртең»; ф.-м.и.к., табигый илимдердин сабактары кафедрасынын доценти
Г.М. Аманбаеванын баяндамасында «Мамлекеттик тилдеги материалдарды ачык энциклопедия “Википедияга” жүктөөдөгү көйгөйлөр» аттуу баяндамалар окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЭАЖММдин ректору Ахунбаев Стальбек Медерович мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн төмөнкү кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды:
• Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн эксперт-лингвисти Д. А. Галиева;
• Ф.-м.и.к., табигый илимдердин сабактары кафедрасынын доценти Г. М. Аманбаева;
• Педиатрия кафедрасынын окутуучусу А. М. Мелисбекова;
• Кардиохирургия жана радиология кафедрасынын окутуучусу А. С. Пасанова;
• Акушердик жана гинекология кафедрасынын лаборанты Н. А. Матыева.
Ошондой эле төмөнкү кызматкерлерибизди да куттуктайбыз:
• Кардиохирургия жана радиология кафедрасынын башчысы Ильхом Хакимович Бебезовду «Медицина (жүрөк-кан тамыр хирургиясы)» адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылганы менен;
• Хирургиялык оорулар кафедрасынын доценти Кулжамал Сардаровна Джузумалиевага «Медицина (анестезиология жана реаниматология)» адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылганы менен.

Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич ЭАЖММдин ректору Ахунбаев Стальбек Медеровичке ЖОЖдогу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алкыш катын тапшырды. Жетишкен ийгилигиңиздер менен куттуктайбыз!