Жаңылыктар
2024-12-12 15:57 Жаңылыктар

ЭАЖММде видеоконкурстун жыйынтыгы

2024-жылдын 2-декабрында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде түзүмдүк бөлүмдөр жана кафедралар тарабынан даярдалган видео роликтердин конкурстук тандоосу болуп өттү. Видеороликтер алардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик тилде чагылдырган жана мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүү жөнүндө буйруктун ишке ашырылышына арналган. Иш-чара Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Комиссиянын курамы:
Ички мүчөлөр:
1. С.М. Ахунбаев –-ЭАЖММ ректору, комиссиянын төрагасы
2. А. А. Усенова - Окуу-тарбия иштери боюнча проректор
3. В.П. Алексеев - Административдик жана дарылоо иштери боюнча проректор
4. О.Ж. Узаков - Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор
5. Д. Ш. Чынгышпаев - Ысык-Көл кампусунун проректору
6. Р.Ж. Зайыркулова - МТжТСБ башчысы
7. З.М. Мусаева - МжБМ секторунун башчысы

Тышкы мүчөлөр:
1. З. Т. Кадырова - КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ЖОЖдор боюнча куратору
2. И. Н. Байтемирова - кыргыз тили мугалими
Комиссия мүчөлөрү ишти атайын иштелип чыккан критерийлер боюнча баалашты, анын ичинде:

· сынактын темасына шайкеш келүү;
· мамлекеттик тилди билүү деңгээли;
· чыгармачылык жана оригиналдуулук