Жаңылыктар

Мамлекеттик тилде отчет-презентациялар

Жаңылыктар
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде ректордун №74 «Кафедраларды текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү» жөнүндөгү буйругун ишке ашыруунун алкагында Отчет-презентацияларды угуу процесси жүрүүдө. Белгилей кетүүчү нерсе: отчет-презентация жасаган кафедралардын сап башында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили” жөнүндөгү Конституциялык мыйзамын ишке ашырууда ЭАЖММде мамлекеттик тилди колдонуу боюнча пландалган иштерди аткарууда алгылыктуу, жоопкерчиликти сезүү менен креативдүү, натыйжалуу иштеп жаткан кафедраларга күбө болуп жатабыз.

Тактап айтканда жандуу кыргыз тилинде академиялык деңгээлде сүйлөө менен Гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Алымкулова Н.Н., мамлекеттик тилге жооптуу окутуучу Кибраева М.А., Негизги сабактар кафедрасынын башчысы Сатаркулова А.М., Терапия кафедрасынын башчысы Кудайбергенова Н.Т., Педиатрия кафедрасынын мамлекеттик тилге жооптуу окутуучу Алия Мелисбекованы атасак болот. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Мамлекеттик тилдин ЭАЖММде адымы алгалай берсин!