«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Б.Б. Топоева-Ставинская, К.И. Мамбетакунова, З.К. Момункулова тарабынан «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди «Баштапкы» (А1) деңгээлде үйрөтүү боюнча окуу-усулдук колдонмо иштелип чыкты.
Окуу-усулдук колдонмо тил үйрөнүүчүлөргө А1 деңгээлинде күнүмдүк-тиричилик жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде баштапкы коммуникативдик байланышты түзө билүүгө үйрөтүп, А1 деңгээлинин лексикалык жана грамматикалык минимумдарынын алкагында сүйлөшүүнү камсыз кылган сөздөр, сөз айкаштары, негизги этикеттик сөздөр, чакан тексттер, диалогдор жана грамматикалык справочник камтылган.
Тилди үйрөтүүдө төрт көндүмдү бирдей өркүндөтүп туруу абдан маанилүү болгондуктан, сунушталып жаткан окуу-методикалык колдонмодо улуттук «Кыргызтест» системасынын А1 деңгээлинин талаптарына ылайык «Окуу» субтести, «Угуу» субтести, «Сүйлөө» субтести жана «Жазуу» субтести билдире алуусун жана грамматикалык эрежелерди өздөштүрүү менен аларды орундуу колдоно билүүсүн калыптоого багытталган тапшырмалар берилген. Деңгээлдик системага ылайык көнүгүү иштери камтылып, жооптордун оң жана терс формалары таяныч чиймелер аркылуу көрсөтүлүп, тил үйрөнүүчүлөргө (этносуна карабастан) бирдей кызыктуу болуусу үчүн тапшырмалар түрдүү татаалдыкта (дифферендделген нукта) ырааты менен иштелип чыккан. Тилди жаңыдан үйрөнө баштаган адамдар жаңы сөздөрдү, фразаларды так, туура айтууга көнүгүүсү үчүн чакан тексттер, диалогдор QR-код аркылуу берилип, QR-код аркылуу айтылып жаткан аудио фразаларды тил үйрөнүүчү эталон катары кабыл алып, сөздөрдү ошол ыргакта, интонацияда айтууга жетишүүсүнө шарттар түзүлгөн.
Колдонмо кыргыз тилин чет тил катары окутуп жаткан мугалимдерге, студенттерге, кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүүчүлөргө арналаган.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебине «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Кыргызча сүйлөшөбүз» аталышындагы окуу-методикалык колдонмодон 100 даана А1 деңгээлинде тил үйрөнүүчүлөр үчүн тапшырылды. Бул окуу-усулдук колдонмону ЭАЖММдин А1 деңгээлинде тилди үйрөнүп жаткан окутуучу-кызматкерлер, кыргыз тилин чет тили катары окутуп жаткан окутуучулар жана студенттер китепканадан пайдалана алышат.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинскаяга терең ыраазычылык билдирет