Жаңылыктар

«Адабият» адабий клубунун мүчөлөрү эл аралык Global Asia Model United Nations (GAMUN 2025) конференциясына катышышты

2025-10-29 18:04 Жаңылыктар
2025-жылдын 28–29-октябрында Казакстандын Алматы шаарындагы аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Global Asia Model United Nations (GAMUN 2025) аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чара КазУУ тарабынан уюштурулган.

Конференциянын негизги максаты- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаш лидерлер ортосундагы байланыштарды бекемдөө жана Бириккен Улуттар Уюмунун максаттары менен баалуулуктарын жайылтуу болуп саналат.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнөн, АКШдан жана Европадан келген делегаттар, ошондой эле дипломаттар, генералдык элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. GAMUN 2025 конференциясы ББУнун (БУУнун) Казакстандагы Глобалдык коммуникациялар бөлүмүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Жүздөн ашуун студент дүйнөнүн ар кайсы университеттеринен келип, глобалдык көйгөйлөрдү талкуулап, дипломатия, аргументация жана эл аралык кызматташуу боюнча өз жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭАЖММ) «Адабият» адабий клубунун мүчөлөрү бул ири иш-чарада биздин окуу жайды татыктуу түрдө тааныштырышты. Model UN форматындагы конференция сегиз комитеттен туруп, күн тартибиндеги маселелер үч тилде жүргүзүлдү. ЭАЖММ делегациясы онлайн форматта Бүгүнкү Газадагы жаңжал боюнча “Геноцид конвенциясын колдонуу” иши темасындагы Эл аралык соттун (ICJ) жыйынына катышты.

Катышуучулардын ишенимдүү сүйлөөсү жана дипломатиялык жөндөмдөрү жогору бааланып, клуб мүчөлөрү татыктуу сыйлыктарга ээ болушту.

Делегациянын курамы:
  • Шитлеш Ядав
  • Атиф Шейкх
  • Саба Шейкх
  • Ширин Гохар

Сыйлыктар жана тааныштыруу:
  • Эң мыкты делегат: Ширин Гохар
  • Өзгөчө делегат: Шитлеш Ядав

Атайын белгилөө: Атиф Шейкх менен Саба Шейкх тарабынан даярдалган декларация эң көп добуш алып, Соттун акыркы чечими катары кабыл алынган.

Биз таланттуу катышуучуларыбыз менен сыймыктанабыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, шыктанууну жана эл аралык деңгээлдеги жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

Ошондой эле конференциянын уюштуруучуларына иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн, ал эми координатор Абылайханга колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артабыз!