2025-жылдын 12-февралында 13:00дө Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин(ЭАЖММ) клиникалык симуляция борборунда «Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин чет тил катары окутуунун маселелери» аталышындагы кереге кеңеш өтөт.
Иш-чараны ЭАЖММ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурууда. Кереге кеңешке КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын филолог-окутуучулар, адистер катышышат.
Кереге кеңештин алкагында «Кыргыз тилин чет тили катары окутуу боюнча типтүү программаларды жана натыйжалуу методдорду иштеп чыгуу, кыргыз тилин чет тили катары окутуу боюнча окуу куралдарын, окуу-усулдук колдонмолорду чыгаруу багытында презентациялар, тажрыйба бөлүшүү, талкуу мерчемделүүдө.
Кереге кеңешти КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Мамытов Аркарбек Жолборсбекович алып барат.
ЭАЖММ ректору Сталбек Медерович Ахунбаев, ЭАЖММдин илимий иштер,мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Узаков Орозали Жаанбаевич куттуктоо сөздөрүн сүйлөшөт.
Кереге кеңеште ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Алымкулова Нурия Насипкуловна, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кыргыз тили кафедрасынын башчысы Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыргыз тилин чет тили катары окутуу бөлүмүнүн координатору Туратбек кызы Венера, Эл аралык медициналык университеттин табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын кыргыз тили мугалими Тарпанбаева Жамиля Макишевна, Эл аралык Ала-Тоо университетинин кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Сайдалиева Алтынай чет элдиктерге кыргыз тилин үйрөтүү боюнча презентация-баяндамаларды жасашат.
Иш-чара талкуу, резолюция кабыл алуу жана концерттик программа менен жыйынтыкталат.