Коомдук жайларда диний негизде жүздү жаап жүрүүгө болбой турганын түшүндүрүү жана жүздү ачык көрсөтүүнүн зарылдыгын маалымдоо боюнча иш-чара
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 22.07.2025-ж. №04/227 жана КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрилигинин 03.09.2025 №581каттарынын негизинде, коомдук жайларда, жогорку окуу жайларында, теле жана радиоберүүлөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген. Ушул тапшырманын алкагында, ЭАЖММде 2025-жылдын 20-ноябрында Деканат жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү тарабынан студенттер үчүн түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү, милициянын полковниги М.А. Качкынбаев жана Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор О.Ж. Узаков жана Билим берүү боюнча кеңешчи жана өнөктөш Унииб Уд Дин сүйлөштү. Ошондой эле Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова жана эксперт-лингвисти Д.А. Галиева студенттерге атайын презентация жасашты. Иш-чарага 1–5-курстун студенттери жана декандын орун басарлары катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты – коомдук жайларда диний негизде жүздү жаап жүрүүгө болбой турганын түшүндүрүү жана жүздү ачык көрсөтүүнүн зарылдыгын маалымдоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдарды сактоонун мааниси, коомдук коопсуздукту камсыздоодогу ар бир жарандын жоопкерчилиги кеңири белгиленди.
Мындай багыттагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мындан ары да улантылып, студенттер арасында укуктук маданиятты жогорулатууга, коопсуздук чараларын бекемдөөгө жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган системалуу иштер жүргүзүлмөкчү.