Жаңылыктар

Ординатурага кабыл алуу жарыялыгы

Жаңылыктар
Ординатурага документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 20-июнунан 2025-жылдын 10-октябрына чейин жүргүзүлөт. Бардык талапкерлерге керектүү документтерди мүмкүн болушунча тезирээк тапшыруу сунушталат, бул документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алуу жөнүндө чечимди өз убагында жарыялоого мүмкүндүк берет.

ЭАЖММдин ординатурага кирүү сынагындагы турлардын графиги
Ординатурага кабыл алуунун тартиби

1. ЭАЖММ ординатурасына жогорку медициналык окуу жайларын бүтүргөндөр же тиешелүү билим деңгээлин жана бекитилген тизмеге ылайык документтерди тастыктаган иштеп жаткан дарыгерлер кабыл алынат;

2. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында чет өлкөлүк жарандарды окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же жеке жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат;

3. ЭАЖММ ординатурасына кабыл алуу сынак негизде, кабыл алуу экзамендеринин жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт;

4.Кабыл алуу сынак тандаган адистик боюнча билет системасы боюнча оозеки формада жүргүзүлөт;

5.Окууга кабыл алуу ЭАЖММ ректорунун буйругу менен жүргүзүлөт;

6.Окуу формасы: күндүзгү;

7.Адистиктер боюнча окуу мөөнөтү:

1) Акушердик жана гинекология - 2 жыл
2) Педиатрия - 1 жыл
3) Терапия - 2 жыл
4) Травматология жана ортопедия - 2 жыл
5) Хирургия - 2 жыл
6) Үй-бүлөлүк медицина - 1 жыл

Ординатурага тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
Ординатурага тапшыруучу талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшырат:

1.Абитуриенттин жеке арызы (тапшыруу мөөнөтү көрсөтүлүшү зарыл);

2.Жеке инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документ;

3.Адистештирилген жогорку медициналык билим жөнүндө документтин (дипломдун) түп нускасы жана көчүрмөсү, ошондой эле ага тиркемеси;

4.Интернатураны/ординатураны бүтүргөндүгүн тастыктаган документтин түп нускасы жана көчүрмөсү (эгер бар болсо);

5.Аскердик билет (эгер бар болсо, КР жарандары үчүн);

6.3,5х4,5 см өлчөмүндөгү төрт сүрөт;

7.Жеке жетишкендиктерди тастыктаган документтер (билим берүү жана илимий уюмдардын сунуштамалары, медициналык мекемелердин сунуштамалары, жарыяланган эмгектер, ойлоп табуулар ж.б.);

8.Жеке иш кагаздары баракчасы (кадрлар бөлүмүнөн соңку окуган же иштеген жеринен тастыкталган), эгер талапкер бир жылдан ашык иштебесе — документтерди тапшыруу учурунда кадрлар боюнча жеке баракча толтурулат;

9.Өз колу менен жазылган автобиография;

Чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алган абитуриенттер үчүн:
Мыйзамда каралган учурларда, чет мамлекет тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документ менен ага тиркеменин (эгерде тиркеме ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык берилсе) нотариалдык жактан тастыкталган түп нускасы жана кыргыз/орус тилине котормосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан берилген жогорку кесиптик билим берүү боюнча дипломго барабарлуулук тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биз менен байланышыныз:

Тел: +996703609899

E-mail: postgraduate_office@ism.edu.kg / gulbakhira938@gmail.com