Сиздерди чын дилимден Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм! Бул күн – элибиздин тарыхын, маданиятын жана руханий дөөлөтүн чагылдырган эне тилибиздин кадыр-баркын дагы бир жолу даңазалаган өзгөчө майрам.
Мамлекеттик тил – улуттун жүрөгү, биримдигибиздин жана келечегибиздин кепилдиги. Ар бирибиздин милдетибиз – тилдин тазалыгын сактап, аны өнүктүрүп, жаш муундарга сүйүү менен үйрөтүү.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилде иш кагаздарын жазууда жана мамлекеттик тилди колдонуп, өнүктүрүүдө Ректораттын колдооосу чоң күч дем берип, жалпы окутуучу-профессорлор курамы жана администрация ийгиликтүү ишке ашыра баштады.
Мамлекеттик тилди ЭАЖММде колдонуу, илимде жана аны чет элдик студенттер арасында жайылтуу, үйрөтүү максатында бир топ алгылыктуу иш-чаралар аткарылды жана автордук укуктар, патенттер алынды. ЭАЖММде салттуу «Медицинадагы илим жана билим берүү тармагындагы инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында акыркы үч жыл аралыгында мамлекеттик тилди чет элдиктерге окутуу боюнча эл аралык ЖОЖдор да катышып, профессор-окутуучулар курамы кыргыз тилинде баяндамаларды окушуп, басылмаларда чыга баштады.
Эне тилибиздин өнүгүүсүнө салым кошкон бардык окутуучуларга, изилдөөчүлөргө жана студенттерге терең ыраазычылык билдирем. Бул тил ар дайым биздин сыймыгыбыз жана руханий байлыгыбыз бойдон кала берсин!
Мамлекеттик тил күнүңүздөр кут болсун!
Урматтоо менен, Узаков Орозали Жаанбаевич Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор, м.и.д., профессор