Жаңылыктар
2024-12-12 15:49 Жаңылыктар

«Медициналык билим берүүдөгү гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери» №3 секциясынын отуруму

2024-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарынын Эл аралык Жогорку Медициналык
Мектебинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен бирдикте “Медициналык
илим жана билим берүү жаатындагы инновациялар аттуу эл аралык илимий-практикалык
конференция өттү.

Конференциянын “Медициналык билим берүүдөгү гуманитардык илимдердин
актуалдуу маселелери” аттуу № 3 секциясына Ж. Баласагын атындагы КУУ, ОшМУ,
«Ала-Тоо» эл аралык университети, Кыргызстан эл аралык университети, Борбордук
Азиядагы Америка университети, Салымбеков университети мекемеси, Эл аралык
жогорку Медициналык Мектебинин окутуучу-профессор курамы жана Мирлан Тилек - Тилимпоз уюмунун негиздөөчүсү, Тимур Туратали - Акылай долбоорунун негиздөөчүсүнүн бири, Кыргызстандагы Жасалма интеллект коомчулугун негиздөөчүсү, Асанбаев А.И.- инженер, программисттер, филолог, тарыхчы-окумуштуулар катышышты.

Секцияга ф.и.д., профессор Соронкулов Гүлжигит Умарович төрага, п.и.д., профессор
Биялиев Кутман Абакович тең төрагалык кылды. Медициналык багытта окуп жаткан чет
элдик студенттерге медицина менен катар мамлекеттик тилди, расмий тилди окутуудагы
инновациялык усулдар, тажрыйбалар, жетишкендиктер, жасалма интеллект боюнча
презентация-баяндамалар жасалды. Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлердин
негизинде ийгиликке жетишкен эл аралык ЖОЖдор, инженер, программист-адистер
менен кызматташууну жакшыртуу боюнча резолюция кабыл алынды.