Жаңылыктар

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде философия илимдеринин доктору (PhD) илимий даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо

2025-12-25 10:58 Жаңылыктар
2025-жылдын 25-декабрында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде PhD докторантурасынын бүтүрүүчүсү, ЭАЖММдин пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Хуссаин Сайед Азфардын диссертациясын коргоо иш-чарасы болуп өттү.

Ал 561000 «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты боюнча

«Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын этникалык жана социалдык детерминанттары: коркунуч факторлорун баалоо жана оорулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу» аттуу темадагы диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Коргоо учурунда Кыргыз Республикасынын калкынын ар түрдүү этникалык жана социалдык топторунун арасындагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдик факторлорун изилдөөгө багытталган комплекстүү илимий изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды. Алынган маалыматтар жогорку илимий мааниге ээ болуп, практикалык колдонууга багытталгандыгы менен айырмалана жана анын ичинде алдын алуу чараларын жана коомдук саламаттык сактоо тутумун өркүндөтүүдө кеңири пайдаланууга мүмкүн.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин администрациясы Хуссаин Сайед Азфарды философия илимдеринин доктору (PhD) илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын ийгиликтүү коргогону менен чын жүрөктөн куттуктап, илимий-изилдөө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди, жаңы долбоорлорду ишке ашырууну жана үзүрлүү эмгекти каалайт.