Жаңылыктар
2026-01-21 18:49

ЭАЖММдин биринчи курсунун студенттери Адам генетикасы кафедрасына барышты

2026-жылдын 21-январында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) биринчи семестрде окуган студенттеринин төрт группасы «Медициналык биология» сабагынын алкагында өткөрүлүүчү пландан тышкаркы (аудиториядан тышкаркы) иш-чаралардын негизинде Адам генетикасы кафедрасына барышты.

Сапардын алкагында Табигый илимдерлин сабактары кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучусу, Татьяна Владимировна Кострицына тарабынан мазмундуу лекция окулду. Лекция учурунда студенттер Адам цитогенетикасы кафедрасында жүргүзүлүп жаткан цитогенетикалык изилдөөлөрдүн негизги этаптары менен таанышышты.

Практикалык бөлүгүндө студенттер адам кариотиптериндеги хромосомалардын түзүлүштүк жана сандык бузулууларын көрсөтүүчү микропрепараттарды изилдешти. Практикалык сабактан кийин клиникалык цитогенетиканын негизги маселелери, анын ичинде хромосомалык бузулууларды пайда кылган себептер жана аларды адамдын онтогенезинин кайсы баскычтарында аныктоого боло тургандыгы тууралуу интерактивдүү талкуу жүргүзүлдү.

Бул билим берүүчү иш-чара биология илимдеринин кандидаты, доцент В.Т. Кострицына тарабынан уюштурулуп, студенттердин практикалык билимдерин тереңдетүүгө жана адам генетикасы боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
Жаңылыктар Табигый илимдердин сабактары кафедрасы