2025-жылдын 3-декабрында “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык Мыйзамды аткаруунун алкагында ББжИМдин “Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндөгү” 17.04.2025-жылдагы №623/1 буйругун жетекчиликке алуу менен ЭАЖММдин Клиникалык симуляциялык борборунда “Кыргызтесттин” көчмө тобу келип тест алышты. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктоо боюнча бардык деңгээлдери боюнча ЭАЖММдин администрациясы жана окутуучу-профессорлор курамы тапшырышты.
Жыйынтыгы жарыялангандан кийин тапшырган катышуучулар мамлекеттик тилди билгендигин тастыктаган тастыктамаларына ээ болушат. “Кыргызтест” - Кыргызстанда жашаган жана иштеген жарандардын жана чет өлкөлүктөрдүн тил билүүсүн стандартташтырууга жардам берет.