Жаңылыктар
2024-10-24 13:59 Жаңылыктар

“ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” аталышындагы форум

2024-жылдын 24-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди окутуу жана анын абалы талкууланды. Форумга Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору жана мамлекеттик тил боюнча эксперттер катышты.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин атынан Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору О.Ж. Узаков, Окуу-тарбия иштери боюнча проректору А.А. Усенова, Декан А.М. Сатаркулова, мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова катышты.
Форумда ЖОЖдордогу окутуу тилдери боюнча көйгөйлөр:
• Бүтүрүүчү курстар үчүн кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курсун киргизүү;
• Окуу куралдарын чыгаруу жана башка тилдерден которуу;
• Кыргыз филологиясы факультеттеринин программасына өзгөртүүлөрдү; жана толуктоолорду киргизүү (котормо, терминология сабактарын)
• Тажрыйбалуу окутуучулардын автордук усулдарын ЖОЖдор арасында жайылтуу;
• Окутуучуларды жана мугалимдерди квалификациясын жогорулатуу;
• Кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелери;
Иш чаранын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер талкууга алынды. Ошондой эле ЖОЖдор тарабынан сунуштар, сын-пикирлер айтылды.
Күн тартибине коюлган сунуш, сын-пикирлер эске алынуу менен билим берүүдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди алдыга жылдырууга жардам берет деп ишенебиз!
Мамлекеттик тилди колдоо — улуттун келечегин колдоо!