Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн кээ бир маселелери” аттуу кереге кеңеш 2025-жылдын 5-мартында өттү.Кереге кеңешти Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, м.и.д. проф. Орозали Жаанбаевич Узаков алып барды. Иш-чарага Кыргыз Республикаснын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев «Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө багытталган колдонмолор», КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зинат Кадырова Туратбековна, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Медиа борборунун директору Чекиров Кубатбек Асангазиевич «Улуттук билим берүүнүн масштабдуу модернизациясы жана мамлекеттик тил маселеси», «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна «Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы», «Акылай»долбоорунун тең негиздөөчүсү Бексултан Бакашов «AkylAi - кыргыз тилиндеги биринчи жасалма интеллект», Инновациялык изилдөө жана өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гумеров Радмир Радикович «Кыргыз тилинде сүйлөөнү таануу жана синтездөө үчүн жасалма акыл моделин түзүү» (онлайн), Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Рима Жеңишовна Зайыркулова «Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жолу: ийгиликтери жана көйгөйлөрү» (ЭАЖММдин мисалында), ТИС кафедрасынын окутуучусу, ф-м..и.к., доц. Гульмира Мухтаровна Аманбаева “Википедия энциклопедиясына кыргыз тилинде маалымат жүктөө», Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Уран Рыспекович Мусабаев «ChatGPT чат-ботун иш кагаздарын мамлекеттик тилге которууда колдонуу» аттуу баяндамаларды жасашты. Кереге кеңештин алкагында ЖОЖ боюнча экскурсия уюштурулду. Анда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жазылышы, аткарылышы, көрүнөө маалыматтар ж.б. Дипломдон кийинки окутуу деканатынын мисалында көрсөтүлдү. Кереге кеңеш онлайн жана офлайн форматта жүрдү жана ЭАЖММдин жетекчилери жана мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлери катышышты. Кеңештин алкагында жооптуу кызматкерлерге үстөк акы 1-марттан баштап кошулушу боюнча буйрук окулду. Талкуу учурунда ишке ашыруучу сунуштар ортого салынды. Катышуучулар ары кызыктуу, ары ишке ашыруучу маалыматтарга эгедер болушту.