Жаңылыктар

Түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча XII Эл аралык симпозиумунда Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби

Жаңылыктар
2025-жылдын 21-майында Түркия Республикасынын Омер Халис Демир атындагы университетинде Баку Евразия университети жана Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университети менен биргеликте “Түрк мамлекеттеринин жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык” темасында уюштурулган “Түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча XII Эл аралык симпозиумдун” ачылыш аземи болуп өттү. Университеттин Шехит Өмер Халисдемир конгресс жана маданият борборунда программага ылайык ЖОЖдун ректору профессор доктор Хасан Услу, Нигде шаарынын мэри Эмрах Өздемир, Баку Евразия университетинин ректору профессор Сшявуш Касимов, Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин ректору, профессор Гюльмира Канай, Комрат мамлекеттик университетинин ректору, профессор, доктор Сергей Захария, TUBITAK TEYDEB вице-президенти, доктор Хасан Селчук Селек жана симпозиумга баяндама жасай турган изилдөөчүлөр жана окутуучулар, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери жана ошондой эле көптөгөн студенттер катышышты. Симпозиумда көрүүчүлөргө «Тамырыбыз – бир түрк» фестивалы менен кызыктуу көз ирмемдерди тартуулады жана фестивалдан кийин панелдик сессиялар менен уланды.

2014-жылдан баштап уюштурулган симпозиум быйыл 12-ирет өткөрүлүүдө. Симпозиумда Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Ирак, Иран жана Молдовадан келген 277ге жакын илимпоз-изилдөөчүлөр менен катар Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен МТжТС бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова катышып, “Манас” эпосу менен “Коркут ата” эпосун салыштыруу маселелери” аттуу баяндама жасады.

Быйыл 12-ирет уюштурулган симпозиум түрк дүйнөсүнүн окумуштууларын чогултуп, орток тарых, тил, адабият жана коомдук маселелер боюнча пикир алмашууга терең негиз болуп, «Тил, ой, маданият биримдигин түшүнүү менен илим жана маданияттын көпүрөсү болууну улантат.

Ошондой эле ар тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүү менен Кызматташуу келишимине кол коюлуп, ЭАЖММдин бренд буюмдары Омер Халис Демир атындагы университеттин ректору, профессор доктор Хасан Услуга, «Түрк Дүйнөсүн изилдөө” симпозиумунун башчысы, Адам жана коом факультетинин азырки түрк тилдери жана адабияттары кафедрасынын башчысы Хикмет Корашга, Адам жана коом факультетинин азырки түрк тилдери жана адабияттары кафедрасынын доценти Медер Салиевге белекке берилди.