2024-жылдын жыйынтыгы менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Ардак грамотасы менен Билим сапаты бөлүмүнүн адиси Э.К. Табылдиева, Атайын клиникалык сабактар кафедрасынын окутуучусу Ж.А. Турдубаева, Жугуштуу оорулар кафедрасынын окутуучусу Л.А. Иманбаева, ошондой эле Терапия кафедрасынын окутуучусу М.А. Ирсалиева сыйланды.
Мындан тышкары С1 жана В2 деңгээлинде эң жакшы көрсөткүчтөрдү ЭАЖММдин деканы А.М. Сатаркулова, гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучулары Туратбек кызы Жазгүл жана Бактыбек кызы Кайыргүл, табигый илимдердин сабактары кафедрасынын завучу А.М. Байджуранова, коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын завучу Э.К. Жумакеевага «Кыргызтесттин» В2, С1 тастыктамалары берилди.
Өз ишмердүүлүктөрүн мамлекеттик тилде мыкты чагылдырган видеороликтердин авторлоруна да акчалай сыйлыктар тапшырылды.
• 1-орун – Негизги сабактар кафедрасы;
• 2-орун – Дипломдон кийинки окутуу деканаты жана Гуманитардык сабактар кафедрасы;
• 3-орун – Билим сапаты бөлүмү, Сапатты башкаруу бөлүмү, Статистикалык анализ жана психометрика бөлүмү, ошондой эле Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы.
Бардык сыйлангандарды куттуктайбыз жана аларга кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди, жаңы шыктанууларды жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалайбыз.