2025-жылдын 23–25-апрелинде Ош мамлекеттик университетинде үч билим берүү кластери боюнча эл аралык программалык аккредитация өтүүдө. Билим берүү чөйрөсүндө сапатты камсыздоо агенттигинин (IAAR) тышкы эксперттик комиссиясынын курамына Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин дипломдон кийинки окуу деканы Бажанова Алия Есенкуловна кирди.
Аккредитациялык визиттин алкагында Алия Есенкуловна билим берүү программаларынын сапатын эл аралык эксперттик баалоого активдүү катышууда, айрыкча 560100 «Коомдук саламаттыкты сактоо» багыты боюнча (магистратура, жогорку кесиптик билим берүү) программасына баа берүүдө.
IAAR агенттиги — Европа Жогорку Билим берүү Сапатын Камсыздоо Реестрине (EQAR) жана Европа Жогорку Билим берүү Сапатын Камсыздоо Ассоциациясына (ENQA) кирип, беделдүү эл аралык уюм болуп саналат. Мындан тышкары, IAAR — КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Дүйнөлүк Медициналык Билим берүү Федерациясынын (WFME) таануусуна ээ болгон жалгыз уюм.
IAAR ишмердүүлүгү эл аралык ESG жана WFME стандарттарына ылайык жүргүзүлөт, бул баалоо процедураларынын жогорку деңгээлдеги объективдүүлүгүн жана ачыктыгын кепилдейт.
IAAR Казакстанда, Кыргызстанда, Россияда, Беларусияда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Молдовада, Украинада, Румынияда жана Латын Америка өлкөлөрүндө эл аралык институционалдык жана программалык аккредитацияны жүргүзөт.