1-октябрда Карылар күнүнө арналган иш-чаранын алкагында Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин Пропедтерапия жана үй-бүлѳлүк медицина кафедрасы Бишкек шаарындагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда акысыз медициналык кабыл алуу өткөрдү.
Карыларга кардиологдор, эндокринологдор, психиатр, гепатолог, гематолог, жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан акысыз кеңештер берилди. Иш-чарага 9-семестрдин студенттери да активдүү катышты. Иш-чараны кардиолог, кафедранын ассистенти Хоссейн Саид Азфардын чон салымы менен жетектелди.
Бул демилге улгайган жарандардын кадыр-баркын, ден соолугун жана камкордукка укугун баса белгилеп, Кыргызстанда дени сак жана инклюзивдүү карылыкты жайылтууга салым кошту.