2025-жылдын 3-февралында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде «Дентис Три» клиникасынын тиш дарыгери, PhD докторантурасынын бүтүрүүчүсү Ли Наталья Евгеньевнанын диссертациясынын алдын ала коргоосу болуп өттү. Диссертациянын темасы:«Бишкек шаарынын мектеп жашындагы балдарында тиш кариесин алдын алууну уюштурууну оптималдаштыруу».
Илимий иш 561000«Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты боюнча аткарылган.
Коргоо гибриддик форматта өтүп, медицина илимдеринин доктору, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасынын профессору Каратаев Мадаминжан Мусаевич төрагалык кылды.
Коргоо учурунда Ли Наталья Евгеньевна жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштырды. Жюри мүчөлөрү диссертациянын тексти менен таанышып, берилген сын-пикирлерди жана рецензияларды талкуулашты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында, жюринин бардык мүчөлөрү бир добуштан диссертацияны Философия доктору (PhD) илимий даражасына талапкерликке коргоого сунуштоо чечимин кабыл алышты.