Жаңылыктар
2024-12-06 13:59 Жаңылыктар

Мамлекеттик тилде сүйлөө көндүмдөрүн жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамына, мамлекеттик тилди өнүктүрүү планына жана ректордун 2024-жылдын 6-декабрындагы № 173 буйругуна ылайык, Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү тарабынан Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана кафедраларынан слайд-отчет чогултуу уюштурулган. Бул демилгенин негизги максаты билим берүү мекемесинин кызматкерлери арасында мамлекеттик тилде сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Ар бир отчетто мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш кагаздары, иш-чаралар, сайтка жайылып жаткан маалыматтар, пресс-релиздер, ички-тышкы жазуулар, жетишилген натыйжалар жана бөлүмдөрдүн жана кафедралардын келечекке пландары тууралуу маалыматтар камтылышы керек. Бул иш мамлекеттик тилди күнүмдүк жана кесиптик ишмердүүлүктө активдүү колдонууга дем берип, тил чөйрөсүн чыңдоого жардам берет.