Жаңылыктар

Ташкент шаарындагы эл аралык илимий-практикалык конференция

Жаңылыктар
12-13-ноябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде 'Компаративистика жана котормо таануу маселелери" аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияга Италия, Түркия, Швейцария, Германия, Египет, Иран, Россия, Казакстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда компаративистика, которум таануу маселелери боюнча тажрыйбалар, илимий-изилдөөлөр боюнча баяндамалар жасалды. Конференцияга ЭАЖММдин атынан МТжТСБ башчысы Рима Зайыркулова катышты. Конференциянын жүрүшүндө Ч. Айтматов атындагы кыргыз тили борборунун ачылышына күбө болушту.