Жаңылыктар
Жаңылыктар

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин кызматкерлери үчүн кыргыз тили курсу

2024-жылдын 8-октябрынан 12-декабрга чейин Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде администрациянын кызматкерлери жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн кыргыз тили курсунун биринчи этабы ийгиликтүү өттү. Курстун негизги максаты административдик жана билим берүү иш-аракеттеринин алкагында натыйжалуу байланышты камсыз кылуу үчүн кызматкерлердин тилдик компетенттүүлүгүн өркүндөтүү болгон. Курстун сабактары кызматкерлердин жеке жана кесиптик өнүгүүсүнө ыңгайлуу тилдик чөйрөнү түзүүгө багытталган. Биринчи агымдын бардык катышуучулары тренингди ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту.

Курстун биринчи этабын аяктаган кызматкерлердин тизмеси:

  1. Ахунбаев Стальбек Медерович
  2. Усенова Асель Абдумомуновна
  3. Алексеев Владимир Петрович
  4. Еременко Владимир Владимирович
  5. Чынгышпаев Даниял Шамильевич
  6. Бажанова Алия Есенкуловна
  7. Самаева Екатерина Валентиновна
  8. Лапочкина Татьяна Михайловна
  9. Ярина Марина Нарынбековна
  10. Сарытаева Мунира Омурзаковна
  11. Усубалиева Алтынай Азизбековна
  12. Фунлоэр Рашид Исхарович
  13. Исмаилова Чинара Саматовна
  14. Лим Евгения Федоровна
  15. Бебезов Ильхом Хакимович
  16. Джумашалиева Асель Урустембековна

Биринчи этаптын катышуучуларын курсту ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

Долбоордун алкагында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин администрация кызматкерлери жана профессордук-окутуучулук курамы кыргыз тилин окутууну улантууну пландаштырууда.