2025-жылдын 2-июнунда Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) бүтүрүүчүлөрдүн мониторинги сектору жакында эле окууну аяктаган лидер бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун максаты ЭАЖММдин бирдиктүү өз ара кызматташкан бүтүрүүчүлөрдүн жамаатын түзүү болду. Иш-чараны ЭАЖММдин ректору Ахунбаев Сталбек Медерович ачып берди. Ошондой эле Med Edu Care Marketing Management компаниясынан доктор Раджу жана Шашикант Девабатула, ошондой эле Educational Advisor компаниясынан мырза Униб Уддин катышты.
Жолугушууда Бүтүрүүчүлөрдүн мониторинги сектору ЭАЖММдин бүтүрүүчүлөрүн медициналык кесиптик карьерасында колдоого багытталган учурдагы демилгелерди тааныштырды. Бүтүрүүчүлөргө документтерди даярдоодо жана кесиптик жактан өнүгүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүнү уланта турганы маалымдалды.
Альма-матер менен байланышта болуунун маанилүүлүгү белгиленип, бүтүрүүчүлөр келечектеги кызматташтык үчүн демилгелерин бөлүшүүгө чакырылды.