Жаңылыктар

ЭАЖММдин DEFA CBHE долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясына катышуусу

Жаңылыктар
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) өкүлдөрү «Кыргызстан университеттеринин каржылык автономиясын өнүктүрүү (DEFA)» аттуу Erasmus+ CBHE долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясына катышышты. Иш-чара Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) болуп өттү.

Конференцияга министрликтердин, жогорку окуу жайлардын жана Erasmus+ өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышып, үч жылдык улуттук структуралык долбоордун жыйынтыктарын, ошондой эле жогорку окуу жайларынын каржылык туруктуулугун жана өз алдынчалыгын бекемдөөгө багытталган кийинки кадамдарды талкуулашты.

Иш-чарада ЭАЖММ ректору С.М. Ахунбаев ачылыш, куттуктоо сөз айтып, Кыргызстан университеттеринде институционалдык жөндөмдүүлүктү жана каржылык көз карандысыздыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Эл аралык байланыштар боюнча проректор, Ph.D. А.М. Омурзакова долбоор алкагында, ЭАЖММде колдонулган инновациялык каржылык башкаруу тажрыйбалары тууралуу презентация жасады.

ЭАЖММ бул конференцияга активдүү катышуусу университеттин эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн башкаруусун жакшыртууга болгон туруктуу умтулуусун дагы бир жолу далилдеп турат.