ЭАЖММ студенттеринин VIII жылдык илимий-практикалык конференциядагы “Клиникалык медицина” секциясына катышуусу
2025-11-05 11:45
2025-жылдын 5-ноябрында “Медицина илиминдеги жана билим берүү тармагындагы инновациялар” аттуу VIII жылдык илимий-практикалык конференциянын алкагында ЭАЖММдин терапия кафедрасы студенттердин тобун даярдап, “Клиникалык медицина” секциясында илимий баяндар менен чыгышты.
Конференцияга төмөнкү студенттер катышты: Крушнакант Вайкар, Аиша Ная, Ражвардан Павар, Говинд Кадам, Динияшвари Мали, Атиф Шаик.
Илимий жетекчилер болуп:
М.и.д. Кудайбергенова Н.Т.
Леонтьева Н.С.
Конференциянын жыйынтыгында ЭАЖММ студенттери жакшы көрсөткүчтөргө жетишти:
Гран-при — Атиф Шаик, 7-семестр, 37-группа;
2-орун — Аиша Ная, 7-семестр, 12-группа.
Конференцияга катышуу жана илимий баяндамаларды даярдоо процесси студенттерге клиникалык медицина боюнча билимдерин тереңдетүүгө, жаңы кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө жана академиялык чөйрөдөгү практикалык тажрыйбаларын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.