Жаңылыктар
Жаңылыктар

ЭАЖММде PhD илимий даражасын алуу үчүн биринчи диссертациялык коргоо өттү

2025-жылдын 26-мартында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде (ЭАЖММ) тарыхый окуя болуп өттү. Философия доктору (PhD) илимий даражасын алуу үчүн биринчи жолу ачык диссертациялык коргоо өттү. Аталган диссертацияны «Дентис Три» клиникасынын стоматолог дарыгери, PhD докторантурасынын бүтүрүүчүсү Ли Наталья Евгеньевна ийгиликтүү коргоду.

Анын диссертациясынын темасы: «Бишкек шаарындагы мектеп курагындагы балдарда тиш кариесинин алдын алуунун уюштурулушун оптималдаштыруу».

Изилдөөдө балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүүнү уюштурууну жакшыртууга жана профилактикалык программаларды иштеп чыгууга олуттуу салым кошо турган натыйжалар көрсөтүлдү.

Диссертациялык изилдөөнүн илимий жетекчилери:

  • медицина илимдеринин доктору, профессор, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы Касиев Накен Касиевич;
  • медицина илимдеринин кандидаты, КАК «Астана медициналык университети» терапевттик жана хирургиялык стоматология кафедрасынын доценти Деточкина Виолетта Робертовна.

Ли Наталья Евгеньевнанын жүргүзгөн изилдөөсү теориялык гана эмес, практикалык мааниге да ээ. Анын илимий ишинин жыйынтыктары боюнча беш макала жарыяланган, анын ичинде экөө Scopus базасына кирген.