ЭАЖММдин бүтүрүүчүсү д-р Мохаммед Нуранын медициналык жетишкендиктери
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) медицина тармагында олуттуу профессионалдык өсүштү көрсөткөн ооган бүтүрүүчүсү д-р Мохаммед Нурдун жетишкендиктерин жарыялайт.
Анын акыркы жетишкендиктеринин арасында:
Пакистан медициналык илимдер институтунда (Исламабад) такшалмадан ийгиликтүү өтүүсү;
IELTS тастыктамасын алуусу;
Америкалык кардиология ассоциациясынын жүрөк-өкпө реанимациясынын (BLS) курсун ийгиликтүү өтүүсү;
Улуттук медициналык лицензиялык сынакты (NMLE) ийгиликтүү тапшыруусу;
Ооганстанда педиатрия боюнча резидентурага кабыл алуунуусу кирет.
ЭАЖММ д-р Мохаммед Нурду бул кесиптик жетишкендиктери менен куттуктайт жана анын медициналык практикасында мындан ары да ийгиликтерди каалайт.