2026-жылдын 26-январынан 6-февралына чейин Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде (ЭАЖММ) Казакстан Республикасынын Актөбе шаарынын Марат Оспанов атындагы Батыш Казакстан Медициналык университетинин магистранттары үчүн академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында илимий-изилдөө стажировкасы өтүүдө.
Стажировка коомдук саламаттыкты сактоо жана клиникалык медицина багытындагы окуган 18 магистрант катышат. Программа ЭАЖММ коомдук саламаттык сактоо кафедрасы тарабынан уюштурулган жана илимий изилдөөлөргө, маалыматтарга статистикалык анализ жүргүзүүгө, академиялык жазууга жана илимий басылмаларды даярдоого заманбап ыкмаларды колдонуу менен кесиптик жана изилдөө компетенүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.
Программанын алкагында катышуучулар изилдөөлөрдүн дизайн жана методологиясынын негиздерин үйрөнүшүп, заманбап статистикалык куралдарды өздөштүрүшүп эл аралык илимий маалымат базалары менен иштешет, ошондой эле магистр диссертацияларды жазуу жана жогорку рейтингдүү журналдарда илимий макалаларды жарыялоо боюнча консультация алышат.
27-январда магистранттар ЭАЖММдеги Клиникалык симуляциялык борборго барышып, борбордун башчысы д-р Заседателева С.Г. катышуучуларды борбордун инфраструктурасы менен тааныштырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Бул стажировка ЭАЖММ менен Марат Оспанов атындагы Батыш Казакстан Медициналык университети ортосундагы академиялык жана илимий кызматташууну чыңдоого жардам берип, ошондой эле жаш илимпоздордун эл аралык билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.