“Манас” улуттук академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана УИАнын Ч. Айтматов атындагы адабият институту биргелешип “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас феномени” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүштү.
Конференцияга Улуу Британиядан Жеймс Пламтри, Индиядан Пунит Гаур, Түркиядан Нажийе Йылдыз жана Мехмет Черибаш сыяктуу чет өлкөлүк окумуштуулар, Казакстандан белгилүү манасчы жана жазуучу Баянгали Алимжанов жана манас таануучулар, студенттер жана изилдөөчүлөр, окутуучулар катышышты.
Конференциянын негизги максаты Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый өнүгүүсүн, “Манас” эпосунун феноменин жаңы илимий көз караштар менен талкуулоо болду. Катышуучулар улуттук иденттүүлүк, заманбап мамлекеттүүлүк концепциялары жана “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданияттагы орду боюнча баяндамаларды сунушталып, талкуулар жүрдү.
ЭАЖММдин атынан МТжТСБ башчысы Р.Ж. Зайыркулова “Манас” эпосу менен “Махабхарата” эпосторун салыштырып окутуунун методикасы” темасында баяндама жасады.
Иш-чара “Манас” эпосун илимий багытта кайра карап чыгууга, эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана кыргыз руханий мурасын дүйнөгө таанытууга өбөлгө болгон маанилүү аянтча катары бааланды.