Эразмус Плюс BERNICA долбоорунун алкагындагы жайкы мектеп боюнча тренингдердин жыйынтыгы боюнча маалыматты жайылтуу жана билим алмашуу максатында, ЭАЖММ кафедраларынын окутуучулары жана ЭАЖММ «VEDANTA» медициналык клиникасынын кызматкерлери үчүн «Erasmus Plus BERNICA Summer School Second wave webinars» аттуу маалыматтык жолугушуулар уюштурулду. Бул иш-чаралар 2025-жылдын 19- жана 26- мартында өткөрүлүп, жайкы мектептин алкагында каралган актуалдуу темаларга арналды.
Жолугушуулардын тематикасы:
Иш-чаралар угуучулардан оң бааларга ээ болуп, алар берилген материалдын жогорку сапатын жана актуалдуулугун белгилешти.
Жолугушуулардын тематикасы:
- «2-типтеги кант диабети менен ооруган адамдардын тамактануу өзгөчөлүктөрү: ЭАЖММдин BERNICA долбоорунун өнөктөштөрүнүн тажрыйбасы»
- Баяндамачы: Молдобаева А.З., ЭАЖММдин пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти;
- Вебинар «BERNICA долбоорунун Moodle платформасын колдонуу менен нутрициология жана диетология сабактарын уюштуруу тажрыйбасы»
- Баяндамачылар: Лим Е.Ф., ЭАЖММдин атайын хирургиялык сабактар кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент;
- Маткеримова Н.Б., ЭАЖММдин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын окутуучусу.
Иш-чаралар угуучулардан оң бааларга ээ болуп, алар берилген материалдын жогорку сапатын жана актуалдуулугун белгилешти.