Жаңылыктар
Жаңылыктар

ЖОЖдун педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча cеминар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы №590 «Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, КР Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 29-январында ЖОЖдун педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинар өткөрдү.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен семинарга катышышты:
1. Усенова Асель Абдумомуновна - окуу, тарбия жана дарылоо иштери боюнча проректор;
2. Бажанова Алия Есенкуловна - ДКО деканы;
3. Субанбекова Гульнара Мырзабековна - ОУБ башчысы.

Семинардын негизги темалары:
1. Билим берүү процессин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу
2. Которуу, окуудан чыгаруу, студенттерди калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү эрежелери
3. Учурдагы билимди контролдоо жана аралык баалоо жөнүндө жобо
4. Академиялык насыяны топтоо тутуму
5. Окуу процессин уюштурууда каттоочу кеңсенин жана академиялык кеңешчилердин ролу

Бул иш-чара актуалдуу ченемдик өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын карап чыгууга мүмкүндүк берди.