2025-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Чет элдик жарандарга мамлекеттик тилди окутуунун маселелери жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чаранын максаты - чет өлкөлүк жарандарга кыргыз тилин окутуунун натыйжалуу ыкмаларын талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тартуулоо.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис К. Мураталиев жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Ж. Мамытов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Конференцияга тил саясаты тармагындагы адистер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана чет элдик студенттер катышты.
Конференциянын алкагында Токио университетинин (Япония) Борбордук Евразия боюнча адиси, филология илимдеринин доктору, жазуучу Жакшылык Б. Акматалиеванын “Кыргыз тилин үйрөнүү” китебинин бет ачары болду. Мындан тышкары, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Махабат К. Карагулова “Жасалма интеллекттин жардамы менен тил үйрөнүү ыкмалары” боюнча баяндама жасады.