2025-жылдын 8-мартында “Жетиген” улуттук журналынын сыйлык тапшыруу аземи болуп, анда Кыргызстандын 100дөн ашык көрүнүктүү айымдары илимге, билим берүүгө жана саламаттыкты сактоого кошкон салымы үчүн сыйланышты. Сыйлык алгандардын арасында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) өкүлдөрү да бар:
Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанатка мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, илимий жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө спикерлер сыйлангандардын жогорку кесипкөйлүгүн жана ишине берилгендигин белгилешти.
Урматтуу кесиптештерибизди бул татыктуу сыйлык менен куттуктайбыз! Аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.
- Омурзакова А. М. – эл аралык байланыштар боюнча проректор, Ph.D.
- Бажанова А. Е. – Дипломдон кийинки окутуунун деканы
- Кутманова А.З. – Жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
- Кудайбергенова Н. Т. – Терапия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
- Осмонова С.К. – Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысынын орун басары
- Жолдошева И.М. – Педиатрия кафедрасынын башчысынын орун басары, ассистент